Template:Email templates/Consent/ky

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search


Автордук укук өзүңүзгө таандык файлга уруксат берүү үчүн ушул баракка өткөн болсоңуз, электрондук каттын калыбын толтуруунун ордуна, өйдө жактагы шилтемени басыңыз. Уруксат берүү куралы файлга уруксат берүү процессин жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан. Электрондук кат аркылуу деле уруксат берсеңиз болот, бирок бул ыкманы өзгөчө учурларда гана колдонгонуңуз оң. Чоң рахмат!

Википедияда чыгармаларын колдонууга уруксат бергиси келген автордук укуктун ээлеринен «Википедияга сүрөттөрүмдү колдонууга уруксат берем» сыяктуу көп электрондук каттар келет. Тилекке каршы, мындай билдирмелер юридикалык өңүттөн алып караганда жетишсиз болгондуктан, уруксатыңыз кыйла тагыраак болушу керек. Ал үчүн төмөнкү калыпты колдонсоңуз болот.

Электрондук катты жөнөтөөрдөн мурун:

  • калыптын тийиштүү жерлерин толуктаңыз (мисалы, [аты-жөнүңүз] ордуна аты-жөнүңүздү жазыңыз);
  • чарчы кашаалардагы текстти зарыл болгондо өзгөртүңүз (мисалы, 2 же андан ашуу чыгарма келтирсеңиз [чыгарманын] ордуна «чыгармалардын» деп жазыңыз);
  • бардык чарчы кашааларды жана этек шилтемелерди алып салыңыз.


Кимге: permissions-commons@wikimedia.org


Ушул кат менен мен, [аты-жөнүңүз] [Викиказынага жүктөлгөн файлдын так URL дареги] шилтемеси (шилтемелери) боюнча жайгашкан [чыгарманын] же [чыгармада чагылдырылган чыгарманын] же [чыгарманын жана анда чагылдырылган чыгырманын] автору жана/же ага (аларга) болгон автордук укуктун жалгыз ээси экенимди ырастайм.

Жогоруда келтирилген чыгарманы (чыгармаларды) [Creative Commons Attribution-Share Alike 4.0 International] лицензиясы боюнча жарыялоого макулмун. Муну менен, жогоруда келтирилген чыгарманы (чыгармаларды) аталган лицензиянын шарттарын аткаруу менен мыйзам чегинде каалагандай, анын ичинде коммерциялык колдонуу жана өзгөртүү укугун бардыгына берип жатканымды түшүнөм.

Ушул уруксат Википедия же ага тиешеси бар сайттар менен гана чектелбестигин түшүнөм.

Жогоруда келтирилген чыгармага (чыгармаларга) автордук укугум жана аталган лицензияга ылыйык автор катары көрсөтүлүүгө укугум сакталаарын, чыгармага (чыгармаларга) башка жактар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр укук ээси тарабынан киргизилген деп эсептелбей турганын түшүнөм.

Ушул уруксатты жокко чыгара албаганымды жана чыгармам (чыгармаларым) Викимедиа фондунун долбоорунда дайыма (мөөнөтсүз) жайгаштырылышы же алардан жок кылынышы мүмкүн экенин түшүнөм.

[Авордун аты-жөнү] [Дата]